• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мэри көмүскө сойкуканаларга каршы жеткиликтүү иштер болбой жатканын сынга алды

Аймак 0

Бишкек, 02.01.19. /Кабар/. Бүгүн, 2-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык милициянын жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, мейманканада болгон кырсык тууралуу маалымат алды. Калаа башчысы көмүскө иштеп жаткан сойкуканаларга каршы жеткиликтүү иштер болбой жатканын сынга алды.

“Буга чейин канча жолу эскерттим. Кырсык болуп же адам өлгөндө гана реакция кылыш керекби? Алдын алуу иштери, профилактикалык иштер жакшы болбой жатат. Ар бир сойкукана делген жерлерди катуу текшерүүгө алгыла. Рейддер тынымсыз болсун. Мыйзамга каршы келсе, ойлонбой жаап салгыла. Мыйзам толук иштеш керек”, - деди шаар мэри.

Шаар жетекчиси өткөн 2018-жылы көмүскө иштеп жаткан сойкуканаларды жабуу тууралуу милиция тапшырма берген болчу, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Ош ШИИБнин башчысы Мурат Боронов 1-январга караган түнү эки кыз каза болгон “сойкукана” делген жайга 6 жолу кылмыш иши козголгонун, акыркы убакта сойкукана катары иштебей турганын билдирди.

“Бул жайдын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде "Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу" беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган эле. Акыркы мезгилде сойкукана катары эмес, мейманкана катары иштеп турган. Ошентсе да аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды”, - деп билдирди Боронов.

Ош ШИИБи 2018-жылы сойкукана катары иштеген көмүскө жайларды аныктап, 21 кылмыш ишин козгогон.

Эске салсак, 1-январда Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер тѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, эки кыз каза болду. Ош ШИИБдин оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ѳздүктѳрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Алгачкы версиялар боюнча коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ѳрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий