• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун мэри көзү азиздер жана дүлөйлөр иштеген ишканага 350 миң сом тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов «Көзү азиздер жана дүлөйлөр» коомунун Ош облустук башкармалыгынан кабар алды. Шаар башчысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жергиликтүү бийлик ар тараптан колдоп келе тургандыгын белгилеп, 350 миң сом тапшырды.

Буга чейин да шаардык мэрия көзү азиздер жана дүлөйлөр иштеген ишкананын сыртын жакшыртууга каражат бөлүп берген. Аталган жайдагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер ар кандай эмеректерди жасап, сапаттуу төшөк, жаздык, жана кызматтык кийимдерди тигишет. Ишчилер мамлекеттик ишканалардан буюртманы көбөйтүүгө көмөк сурады.

“Сиздердин цехте тигилген төшөк, жаздыктар жана өз колуңар менен жасаган эмеректер сапаттуу экенин билем. Мекеме-ишканалар керектүү нерселерди сиздерден сатып алууну сунуш кылат элем. Сиздер чыгарган продукцияларды сатып алуу да сиздерди колдоо болуп саналат. Шаардагы жалпы социалдык колдоого муктаж жарандардын тизмеси материалдык-моралдык колдоо көрсөтүү үчүн мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлүп берилди. 1,2,3-топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана пенсионерлерге акысыз тиш протезин жасатуу, дарыгердин рецептинин негизинде дары-дармек алууга 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 758 миң сом бөлүнүп берилип, кошумча социалдык кызматтар көрсөтүлүүдө”, - деди мэр Сарыбашов.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ош шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында 2905, шаардык Социалдык фонд башкармалыгында 4217 ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам катталып социалдык жөлөкпул алышат. Алардын ичинен 18 жашка чейинки балдар – 934.

Пикир

Оставить комментарий