• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэри карылар үйүндөгү карыялардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Боорукердик” үй-интернатында жашап жаткан карылардан кабар алды.

Аталган жайда жүз жаштан ашкан Касиет Жолдошевада жашайт. Калаа башчысы карыларды куттуктап, мэрия тарабынан ар тараптуу колдоо уланаарын билдирди.

“Боорукердик” үйүндөгү 30 карыяга акчалай жардам жана жылуу кийимдерди тапшырды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Мэр демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имараттын курулушу жүрүп жатканын да айтып өттү. Курулуш 2020-жылы пайдаланууга берилет.

“Боорукердик” үй-интернатына жылына жергиликтүү бюджеттен 7,8 млн сом каражат бөлүнүп берилет. Жалпысынан улгайган 30 адам жана кароосуз калган жыйырмадан ашуун өспүрүм тарбияланып келет.

Пикир

Оставить комментарий