• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мэри коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлер менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Күн мурун, 27-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Covid-19 илдетин алдын алуу жана жайылтпоо максатында ачылган стационар, изоляция жана төрөт үйүндө иштеп жаткан дарыгерлерден кабар алды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэр оор кырдаалда иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, көйгөйлөрүн укту.

"Биз ооруканаларда жана изоляторлордо иштеген медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринде таанышып, чечүү жолдорун биргеликте карап чыгуу үчүн кыдырып жүрөбүз. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 565 жаран жугуштуу оорунун артынан изоляторлордо жана ооруканаларда жатышат. Жалпысынан ооруканаларда, жеке клиникаларда, стационарларда 820 орун даярдалган. Илдетти биргеликте жеңүү үчүн коюлган эрежелерди так сактап берүү башкы милдет", - деди Т.Сарыбашов.

Текшерүү учурунда шаар башчысы барган ооруканаларда, төрөт үйүндө, изолятор катары ачылган жеке клиникаларда, стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлерине азык-түлүктөр таратылды.

Дарыгерлер тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий