• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэри: Кулатов өзгөчө шаарчага айланат

Аймак 0

Бишкек, 03.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда таңкы рейд Ош шаарынын Т. Кулатов (Западный) кичи районунда болуп, калаа башчысы аллеянын курулушу менен таанышты. Мэр аталган кичи райондогу көчөлөрдү кыдырып, өз алдынча коюлган күркөлөрдү алып салуу тапшырмасын берди.

Кулатов кичи районуна жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 850 метр аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө. Калаа башчысы аллеянын курулушунан кабар алып, сапатка көңүл буруу керектигин билдирди.

“Кулатов кичи району өзгөчө шаарчага айланат. Анткени бул жердеги башаламан курулуштардан арылып жатабыз. Жол боюндагы эскирген көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боелууда. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен узундугу 850 метрге заманбап аллея курулууда. Төлөйкөн тарабына да ишкерлердин колдоосу менен кичи аллея курулуп жатат. Жасалып жаткан иштердин баары шаардыктар үчүн. Шаарды бир четинен баштап оңдоого киришкенбиз”, - деди мэр.

Шаар башчысы Кулатов кичи районунда тазалык боюнча маселе көп экенин айтып, Ош-Тазалык ишканасынын жана аймактык башкармалыктын кызматкерлерине кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий