• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри Кыргыз футбол бирикмесинин президенти менен шаардагы футболду өнүктүрүүнү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 20.10.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Кыргыз футбол бирикмесинин (КФБ) президенти Медербек Сыдыков менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө футбол жаатындагы кызматташтык мамилелерин күчөтүү жана Ош шаарынын "Алай" футбол клубу машыгып жаткан А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун инфраструктурасын жаңылоо багытында сүйлөшүштү.

Ошондой эле кошумча футбол талаасын реконструкциялоо планы жана Кыргызстандын футбол командасынын оюндарын да өткөрүү максатында стадионду эл аралык стандарттарга жооп бере тургандай кылып жарык менен камсыздоо боюнча сөз болду.

Шаар башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаары Улуу Жибек Жолунун провайдери болуу алдында тургандыгын билдирип, өз кезегинде бул багыт туризмди жогорулатуу жана инвестиция тартууда өз жемишин берет деп белгиледи. Анда спорт багытын өнүктүрүүгө да өбөлгө түзүлөт деп кошумчалады.

Жыйынга КФБнын АФКдагы стратегиялык өнүктүрүү боюнча консультанты Элнур Мамадов катышып, "Алай" ФКсынын келечекте Фергана өрөөнүндөгү алдыңкы клубдарынын катарында болууга потенциалы бар экендигин билдирди.

"5 жыл аралыгында шаардын футбол клубу жакшы жыйынтыктар менен мыктылыгын көрсөтүп, Фергана өрөөнүндөгү футбол клубдарынын сап башында турууга мүмкүнчүлүгү толук бар деп ойлойм. Бренд боюнча көтөрүлүп жаткан демилгелердин арты менен Ош шаарында футболду гана эмес, башка спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө да болот. Эл аралык турнирлердин Ош шаарында уюштурулушу статусту да жогорулатат", - деди Мамадов.

Ошондой эле машыктыруучуларды колдоо, жаш футболчуларды таптап чыгуу, эл аралык мелдештерди уюштуруу жөнүндө ой-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий