• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри Манас-Ата кичирайонун кыдырып, жүрүп жаткан иштер менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Күн мурун, 17-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Манас-Ата кичирайонун кыдырып, жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мэр вице-мэрлер менен бирге Салиева көчөсүн оңдоо иштерине даярдыгын текшерип, тапшырмаларды берди.

Салиева көчөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы жана тротуарга чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар алынып, көп кабаттуу үйлөрдүн сырты сырдалууда. Мындан тышкары, муниципалдык автоунаа токтоочу жайлар курула башталган.

"Быйыл Салиева көчөсү кеңейтилип, асфальтталат. Аллеяга балдар ойноочу жай, оргумалар кошо курулат. Шаарды иретке келтирүүдө ар кандай сын пикирлер да айтылат экен. Биздин максат шаарды бир четинен оңдоп, шаардыктарга шарт түзүү", - деди мэр.

Пикир

Оставить комментарий