• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштун мэри “Манас-Ата” МАБдын жашоочулары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Жолугушууда жашоочулар электр жарыгы үзгүлтүккө учураганда жаңы салынып жаткан имараттардын үстүнкү кабаттарында суунун жетишсиздиги, бала бакчаларды куруу зарылдыгы, көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы аймактарга уруксатсыз курулуштарга каршы туруу, ипотека алуу боюнча суроолорду беришти.

Мындан тышкары, жашоочуларды балдар аянтчаларынын курулушу, квартал ичиндеги жолдорду оңдоо, Салиев көчөсүндөгү жолдун сапаты, квартал ичиндеги жолдордун кесилиштерине кошумча жол белгилерин орнотуу, таштанды контейнерлерин алмаштыруу, коомдук тамактануучу жайлардан таштандылардын чыгарылышына көзөмөл жүргүзүү маселелери кызыктырды.

Жарандардын бардык кайрылууларына жооптор берилип, бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жетекчилерине кырдаалды жеринде чечүү тапшырмасы берилди.

Шаар тургундарынын Моторная көчөсүнөн Исхак Раззаков проспектикине чейинки аралыкты жабуу боюнча кайрылуусунун алкагында мэр жеринде абал менен таанышып, жөө жүргүнчүлөр өтүүсү үчүн аталган тилкедеги өтмөктү унаалар үчүн жабууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий