• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун мэри мыкты мугалимдерди сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Кечээ, 27-августта Ош шаарында мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, билим берүү башкармалыгынын башчысы Авазбек Асанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мектептин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары жана директорлору катышты.

Мэр Таалайбек Сарыбашов алгач мектептердин көргөзмөсү менен таанышты. Анда шаардагы окуучулардын жана мугалимдердин кол өнөрчүлүгү, эмгектери коюлган.

Шаар башчысы сөз сүйлөп, билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн салынып жаткан жаңы мектеп жана бала бакчаларды айтып өттү. Ошондой эле, коррупция менен күрөшүп, айрым бир учурда ата-энелерден негизсиз жыйналып жаткан акчаларды жоюп, таза иштеп берүүнү суранды.

Кеңешменин жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык ак ниет эмгеги, 2017-2018-окуу жылындагы мыкты көрсөткүчтөрү жана Ош шаарынын коомдук турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече мугалимдер Ош шаарынын мэриясынын ардак грамотасы менен сыйланды.

Ошондой эле, 10 мугалимге “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси берилип, 18 мугалимге КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды.

Мындан тышкары, Ош шаарындагы эң мыкты бала бакча жана мектеп тандалып, 1,2,3,4- орундарга баалуу белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий