• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мэри Ош-Бишкек жолуна түз өтүүчү жолдун долбоору менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. 11-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Привокзальная көчөсүнөн Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымына чейинки (Т) жолдун долбоору менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын башкы планына ылайык бир катар долбоорлор каралып жатат. Анын ичинде Привокзальная көчөсүнөн Увам жана Үч-Кунан каналдары аркылуу «Т» формасындагы жолго чыгуучу жолдун долбоору да бар. Шаар башчысы калаадагы автоунаалардын көбөйгөнүн эске алуу менен бул долбоордун айланасында активдүү иш алып барууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Долбоор экинчи борбордогу жол тыгынын жоюуга багытталып, Ош шаарын өнүктүрүүнүн алкагында Башкы планга ылайык иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий