• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштун мэри президенттик шайлоодо өз добушун берди

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.10.17./Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында президенттик шайлоо өтүүдө. Ош шаарындагы ар бир шайлоо участоктору саат 08:00дө ачылып шаардыктардын добуш берүүсү кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу түштүк калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын катарында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы Курманжан Датка районунда жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратындагы №5327-шайлоо участогунда саат 8:50 минута өткөндө добуш берди.

«Бүгүн, кыргызстандыктар үчүн өзгөчө тарыхый күн. Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Анын ичинде Ош шаарыбыздагы бардык 73 шайлоо участкаларында шайлоо кызуу жүрүп, шаардыктарыбыз шайлоо башталгандан тартып өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 159 420, ал эми форма №2 менен катталган жарандардын саны 48 706. Шайлоо таза жана ачык өтүүсү үчүн бүгүнкү күндө шаардык мэрия тарабынан мыйзам чегиндеги бардык тиешелүү шарттар каралган”,-деди А.Кадырбаев.

Шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо участокторунда атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын жалпы саны 159 420, жалпысынан 73 шайлооучастогу бар.

Пикир

Оставить комментарий