• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри Сарыбашов: Уруксат берүү этап-этабы менен жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Ошто өткөн брифингдин жүрүшүндө мэр Таалайбек Сарыбашов уруксат берүү этап-этабы менен жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Ага ылайык, өкмөттүн чечими менен, 11-майдан баштап төмөнкү тармактарды ишке киргизүүгө уруксат берилди:

1. Микрофинансылык уюмдар, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер, туристтик агенттиктер.

2.Финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнөн: акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар, адвокатура мекемелери, басмаканалар жана басмага байланышкан ишканалар.

3. Калкты тейлөө кызматтары: сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер, тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо, химтазалоо жана клининг.

4.Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлар, май жана автуомобиль сырларын сатуу базарлары, тигүү жана булгары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары жана автосалондор, авторыноктордон сырткары.

5. Массалык маалымат каражаттары (телевидение, радио, басылмалар). Буга чейин айрым ЖМК өкүлдөрү үйлөрүндө олтуруп иштеп келишти. Эртеңден баштап толук ишке чыкса болот. Ишин жандандырууга толук мүмкүнчүлүк берилет.

Уруксат берилген тармактар сөзсүз түрдө санитардык талаптарды аткарышы керек. Кызматкерлердин ден соолугу үчүн жетекчилик жооптуу болот. Санитардык нормаларды сактоо боюнча нускамалар иштелип чыкты. Ар бир ишканада, мекеме уруксат берилген кайсы тармак болсо да дезинфекцияланышы керек.

Кызматкерлерде антисептик, беткап болушу шарт. Керектүү жерлерде коргоочу кийимдер болушу керек. Коюлган талаптарды тиешелүү кызматтар, мобилдик топтор көзөмөл кылып, түшүндүрүү иштерин кылып турат.

Талаптар аткарылбаса жетекчилиги мыйзам чегинде жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий