• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэри шаарды оңдоп-түзөөгө салым кошкон ишкерлерди сыйлады

Аймак 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана шаардын инфраструктурасын оңдоп-түзөө иштерине демөөрчүлүк көрсөткөн ишкерлер мэриянын ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлыкты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тапшырып, ишкерлерге ыраазычылык билдирди.

“Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланып, ачылыш аземи борбордук стадиондо өттү. Кароосуз калган стадионду аз убакыттын ичинде оңдоодон өткөрүүгө жардам бердиңиздер. Эл үчүн, шаар үчүн кылган эмгегиңер чоң. Мына эми шаардыктар шарты бар стадионду футбол көрүп жатышат. Мындан тышкары бир топ иштерге жардам көрсөтүлдү. Мэрия тарабынан да бир канча иштер башталды. Ишкерлерди дайым колдойбуз. Ош шаарында ишкерлерге тоскоолдук болбош керек”, - мэр Т. Сарыбашов.

Белгилей кетсек, борбордук А. Сүйүмбаев стадионундагы аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү ишкерлердин колдоосу менен аткалды.

Мындан тышкары бир канча долбоорлорго колдоо көрсөтүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий