• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэри Синзян-уйгур автономиялык аймагынан келген делегацияны кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл Республикасынын Синзян-уйгур автономиялык аймагынан Гао Хе мырза баштаган делегация менен жолукту. Ага Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү өкүлдөрү, КРнын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагындагы өкүчүлүгүнүн кызматкерлери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Т.Сарыбашов эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле жылдан жылга чыналып, кызматташууну үзбөй келе жаткандыгын айтып өттү.

“Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуу такай жүрүп келет. Соода-саттык, экономикалык жактан мамиле эки өлкөнүн өнүгүүсүнө зор салымын кошууда. Анын ичинде Ош шаары Кытай Эл Республикасынын көпчүлүк провинциялары менен инвестиция алакасында тыгыз кызматташабыз. Ага мисал катары Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна курулган 150 орундуу заманбап оорукананын курулушун айтсак болот. Мындан ары да биз сиздер менен көптөгөн долбоорлорду ишке ашырабыз деген максат бар”, - деди Т.Сарыбашов.

Өз кезегинде “Синзян Эл аралык экономикалык кызматташуу” ЖЧКсынын башкы директору Гао Хе мырза Таалайбек Сарыбашовду шаардын жетекчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, Ош шаары менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий