• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мэри спорт агенттигинин директору менен шаардын спорт тармагын өнүктүрүүнү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Шабданбаевди кабыл алды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда мэр Канат Шабданбаевди жана жалпы спортчуларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди жана жеңиштерди каалады.

Жолугушууда Ош шаарында спорт тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий