• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун мэри стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов стационарларда иштеп жаткан медицина кызматкерлеринен кабар алып, көйгөйлөрүн жеринде укту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мэриядан кабарлашкандай, мэр жана вице-мэрлер шаардагы бардык изоляция, стационар жана обсервацияда иштеп жаткан дарыгерлерге витамин боло турган мөмө-жемиштерден азык-түлүк таратышкан. Алар ооруканалардагы изоляцияларга, поликлиникаларга жана күндүзгү стационарларга жеткирилген.

"А. Навои мектебине ачылган стационарда иштеген дарыгерлер мэр менен жолугушууда кир жуугуч машиналардын жоктугунан кыйынчылык жаралганын айтышты. Мэрдин тапшырмасы менен 3 даана кир жуугуч машина аталган стационарга жеткирилди. Шаар мэри пандемия учурунда күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий