• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри церебралдык шал оорусу менен жабыркаган төрт жашар Ильядан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов церебралдык шал оорусу менен жабыркаган төрт жашар Илья Буяновдон кабар алды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, калаа башчысы Ильянын ата-энеси менен баарлашып, кандай жардам керек болсо жеке өзүнө, мэрияга жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгына кайрылууну билдирди.

Мэр ошондой эле шаардын кичинекей тургуну Ильяга белектерин тапшырып, ар тараптан колдоо болуп тураарын кошумчалады.

Илья төрөлгөндөн бери церебралдык шал оорусу менен жабыркап келет.

Мэриядан кошумчалашкандай, Ильянын жеке өзүнө айына 4000 сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул берилет. Ал эми жеке ассистент катары атасы Дмитрий 4900 сом кызмат акы төлөмү менен камсыз кылынат. Мындан тышкары үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул берилет.

Пикир

Оставить комментарий