• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Оштун мэри тилемчилик кылган 80 жаштагы аялга үй курууга жардам берет

Аймак 0

Ош, 28.09.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тилемчилик кылган 80 жаштагы аялдын үйүнүн курулушун бүтүрүүгө каржылык жактан жардам көрсөтөт.

Буга чейин Озгур айылынын 80 жаштагы тургуну Ашим Анарбаева Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө жумасына эки жолу тилемчилик менен алектенип, “Боорукердик” балдар борборундагы эки небересине үй куруп жатканы айтылган.

Мэриянын кызматкерлери ага барышып, материалдык жардам көрсөтүшкөн. Анын жашоо шарттары, ден соолугунун абалы тууралуу маалымат чогултушкан. Маалыматка караганда, ал ай сайын 5 миң 500 сом өлчөмүндө пенсия алат.

Анарбаева өз каалоосу менен карылар үйүндө жашоодон баш тарткан. Анын уулу каза болгон, эки небереси балдар борборунда.

Социалдык тармактарда Анарбаеванын сүрөтү жарыяланган. Интернет колдонуучулары анын балдары жок болсо же бар болуп, бирок багуудан баш тартып жатса, апаны карылар үйүнө жайгаштырууну сунушташкан.

Пикир

Оставить комментарий