• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Оштун мэри Улуу Британиянын элчиси менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Эдмунд Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүү, кургатылган мөмө-жемиштерди жана балды британ рыногуна экспорттоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий