• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри Жапалак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. 19-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жапалак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, жергиликтүүлөрдүн маселесин укту. Бул тууралу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта Жапалак айыл аймагы шаардын карамагында болгону менен көйгөйлөр көп экендиги айтылат.

"Элдин басымдуусу дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенет. Жергиликтүүлөр айыл чарба техникалары, шаймандарды камсыздоодогу көйгөйлөрдү айтышты. Аны менен катар өндүрүлгөн продукцияларды, сүт азыктарын сатуу үчүн Жапалактын өзүнө базар ачып берүү демилгесин көтөрүштү. Мындан сырткары, суу, газ, жол, тротуар, мектеп, бала бакча, ФАП, маршруттук каттамдар, аялдама, жолбун иттердин көбөйгөнү, полигон, түнкү жарыктандыруу маселелерин мэрге айтышты", - деп айтылат маалыматта.

Бул аймакта документи жок үйлөргө өткөн жылдын аягында президенттин тапшырмасы менен техникалык паспорттор берилип баштаган. Ошондой эле февралдан тарта Жапалак айыл аймагын Ош-Тазалык ишканасы да тейлеп, таштандыларын алып кете турган болуп чечилди. Чогулгандар маселелер менен катар аткарылып жаткан иштерди да тизмектешти.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жашоочулардын кайрылууларын уккан соң, айрым жагдайлар боюнча жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ага улай 2022-жылга пландалып жаткан жумуштарга токтолуп, мындагы маселелер да бюджетти бекитүүдө эске алына турганын белгиледи.

"Мен Ош шаарынын бардык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугуп жатам. Көтөрүлгөн маселелердин 80%ы окшош. Көйгөйлөрдү чечүүгө болушунча аракет кылабыз. Бирок бюджеттин жетишине да байланыштуу. Мен мурунку жылдардан айырмаланып, бул жылы тротуарларды курууга жана оңдоого басым жасайын деп турам. Буга 50 млн сом бөлгөнү турабыз. Сиздер көтөргөн аялдама, маршруттук каттам маселелерин чечебиз. Быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору да көбөйөт. Ушул аркылуу да бир топ маселелерди чечүүгө болот. Айыл чарба жаатында айтылгандар да жөндүү. Мен бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, сиздерге жардам берүүгө даярмын. Базар ачып берүү боюнча жакшы демилге көтөрүлдү. Биз да ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле Жапалакка бир бала бакча куруп бергени аракет кылалы. Дагы калган көйгөйлөрдү да кенен карап чыгып, мүмкүнчүлүккө жараша четинен чечүүнү пландайбыз", - деди мэр.

Жолугушууда өткөн жылда Жапалак айыл аймагында аткарылган иштердин отчету да берилди.

Пикир

Оставить комментарий