• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун мэри жетекчилер менен чогуу жүк ташуучу унаада шаарды кыдырды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Кечээ, 18 -октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери менен биргеликте шаар көчөлөрүнүн абалын текшерүү үчүн көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын негизинде мэр жетекчилер менен жүк ташуучу унаа менен шаарды кыдырып, коомдук транспорттун токтоолорунун, аялдамаларды, шаардын жолдорунун жана тротуарларынын, четки көчөлөрдүн абалын текшерди. Алмаз Мамбетов кыдыруунун негизинде бир топ маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди.

Иш-чаранын соңунда А.Мамбетов Ош шаарынын борбордук базарында болуп, Райымбеков көчөсүнүн соодагерлери менен жолугушту. Ал жерде тийиштүү органдардын жана кызматтардын жетекчилерине стихиялуу соода болгон жерлерди иретке келтирүү, аларга тиешелүү шарттарды түзүү, соодагерлер үчүн ылайыктуу жерди табуу керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий