• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун мэри жоокерлерди сыйлап, спорттук иш-чараларына 100 миң сом бермей болду

Аймак 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Ош шаарында 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип, салтанаттуу иш-чарага калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов катышты. Алгач аскердик куралдардын көргөзмөсү өтүп, маалыматтар берилди. Ош улуттук драм театрына чогулган жоокерлерди калаа башчысы куттуктап, өлкөнүн тынчтыгы үчүн аскер кызматкерлери тынымсыз кызмат кылып жатканын баса белгиледи.

“Армиябыздын абалы мурдагыдан бир топко жакшырды. Аскер кызматкерлерибиз, чек арачыларыбыз күнү-түнү мекенибиздин стабилдүүлүгү үчүн кызмат кылып жатасыздар. Сиздер бар үчүн элибиз тынч уктап, тынч жашоо кечирүүдө. Анткени мекенчил аскерлер бар экенин билет. Сиздердин кызматыңыздар ак”, - деди мэр.

Шаар башчысы аскер кызматкерлери спортко өзгөчө кызыгаарын эске салып, спорттук мелдештерди өткөрүүгө 100 миң сом бөлүп берээрин убадалады. Өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге мэриянын ардак грамотасын тапшырды.

Аскер кызматкерлерин шаардык кеңештин төрагасы Ж. Орномов, Ош облустук өкүлчүлүк, УКМК, милициянын жетекчилиги да куттуктап, сыйлыктарын тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий