• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Оштун мэри журналисттерди сыйлады (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 07.11.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында 7-ноябрь- КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.

Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Т. Сарыбашов журналисттин чыгармачылыгы эл ишенимин жакшы жакка бурууга да, ошол эле учурда аны жокко чыгарууга да жөндөмдүү экендигин билдирип, катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктады.-

“Басма сөз коомдук пикирди чагылдырып, бийлик менен элдин ортосундагы “көпүрө” болуп саналат. Сиздер коомдук пикирди чагылдыруу менен гана чектелбестен, коомдук маанайды аныктап, адамдардын жүрөгүнө жана аң-сезимине олуттуу таасир этесиздер. Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары жашообуздун ажырагыс бөлүгүнө айланып, чыныгы күчкө ээ болуп турат. Эл аралык эксперттердин, серепчилердин баамында өлкөбүздө басма сөз эркиндиги баарынан жогорку тургандыгы байма-бай айтылып келе жаткандыгын баарыбыз билебиз. Кечээ эле тоталитардык системанын кучагынан чыга албай келген басма сөз бүгүн коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура алган, коомдогу оош-кыйыштарды ачык, тайманбай жазып, жалпы окурмандардын сынына сунуш кылган кубаттуу куралга айланды. Бул иште Сиздердин салымдыңыздар өзгөчө экендигин кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан күндө өзгөчө белгилеп кетээр элем. Анткени, Сиздер талыкпас эмгегиңиздер, чыгармачылык көрөңгөңүздөр, турмуштук бекем позицияңыздар менен өлкөбүздө басма сөз эркиндигин камсыз кылуу менен элибизге ак ниетиңиздерден кызмат кылып келе жатасыздар.Сиздердин мындай аракетиңиздер мэрия тарабынан колдоого алынып, тыгыз кызматташууга ар дайым умтулуп келе жатабыз”, - деди шаар жетекчиси.

Иш-чаранын жүрүшүндө, шаар мэри Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон бараандуу салымы, мэриянын коомдук-саясий ишмердүүлүгүн коомчулукка активдүү чагылдырууну уюштургандыгы жана ак ниет эмгеги үчүн, 7-ноябрь-КРнын маалымат жана басма сөз күнүнө карата Ош шаардындагы бир катар ММКнын өкүлдөрүнө мэриянын Ардак грамоталарын жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Ошондой эле, Ж.Ормонов ММК өкүлдөрүнө шаардык кеңештин Ардак грамоталарын жана баалуу белектерин ыйгарды.

Айта кетсек, 1924-жылы 7-ноябрь күнү туңгуч кыргыз тилдүү “Эркин-Тоо” гезити (азыркы “Кыргыз туусу”) чыга баштаган. Бул дата жалпыга маалымдоо каражаттарынын, радио жана телеберүүнүн, басмакананын бардык кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары 1993-жылдын 1-ноябрында кыргыз өкмөтүнүн атайын токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий