• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри: Жыл сайын бирден бала бакча куруу ишин токтотпошубуз керек

Аймак 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Жыл сайын бирден бала бакча куруу ишин токтотпошубуз керек. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бала бакча курула турган жайларды көрүп жатып билдирди.

Сарыбашов Оштун бала бакча жетишсиз аймактарына бакча куруу колго алынаарын айтып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Анын айтымында, кийинки айлардан тарта шаардын эки аймактык башкармалыгында заманбап бала бакчанын курулушу башталат.

"Ош шаарында бала бакча жетишсиз. Биз колдон келишинче бала бакча курууну колго алышыбыз керек", – деди мэр. – "Жеке бала бакчаларды да көбөйтүш керек".

"Быйылкы жылы биз жергиликтүү бюджеттин эсебинен эл жыш жайгашкан эки аймактык башкармалыкка заманбап бала бакча салып беребиз", - деди кошумчалады Сарыбашов.

Мындан тышкары айрым имараттарды бала бакчага айлантып, толук оңдоодон өткөрүшүү пландалууда, деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий