• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун мэри жылуулук борборунун кышка даярдыгын текшерип, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды

Аймак 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Оштогу жылуулук электр борборунун кышка даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы ар бир аткарылган иштерди жеринен көрүп, жетекчиликке электр энергиясын азыраак колдонуу багытында иштерди алып барууну тапшырды.

Оштогу жылуулук электр борборунда быйыл 3 даана буу казандардын 2 даанасы кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. ЖЭБдин балансында узундугу 58,757 чакырым тармактары бар.

Мазут даярдоо иштери боюнча “Кыргызнефтегаз” ААКы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 3008 тонна мазут отуну ташылып келип, өткөн жылдан калган мазут отунунун калдыгын кошкондо 5387 тоннаны (21,5%) түздү. Андан тышкары, "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому менен 3,0 млн м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.

Белгилей кетсек, жылуулук борбору 331 көп кабаттуу үйдү, 192 жеке турак-жайды, 19 балдар бакчасын, 8 жогорку жана орто окуу жайын, 19 мектепти, 88 бюджеттик ишкананы, 323 жеке ишкананы жылуулук менен камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий