• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Оштун мэринин м.а. Алмаз Мамбетов Ош шаарынын активине тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 2 -августта, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын активисттерине тааныштырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кызмат ордуна дайындоо жөнүндөгү буйрукту Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Жалалов окуп берди.

Ал эми Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз жазды.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий