• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун мэринин м.а. Мамбетов “Ханне Зайдель” фондунун Борбордук Азиядагы жетекчиси менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов бүгүн, 19-август күнү “Ханне Зайдель” фондунун Борбордук Азиядагы жетекчиси Макс Георг Майер жана президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрү менен жолукту.

Мэриядан билдиришкендей, Макс Георг Майер Мамбетовго академиянын сыймыктуу бүтүрүүчүсү катары ийгилик каалап, кызматташуу мындан ары да уланаарын билдирди.

Калаа башчысынын милдетин аткаруучу келечекте жаш кадрларды колдоп, алардын квалификациясын жогорулатуу максатында билим алуусуна шарттар түзүлө бере тургундагын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий