• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарынын Орке айылындагы мектептин курулушу аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Ош шаарынын Орке айылындагы Ч. Түлѳбердиев атындагы мектептин курулушу аяктоодо жана пайдаланууга даярдалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Учурда подряддык уюм тарабынан бардык курулуш-монтаждоо иштерин аякталды. Ишке киргизүү жана аймакты жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө, эмерек жана ашкана жабдуулары орнотулууда жана окуу процесси үчүн керектүү шаймандар менен жабдылып жатат.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын май айында башталган. Объекттин сметалык наркысы 986 750 79 АКШ долларын түзүп, Сауд ѳнүктүрүү фондунун тарабынан каржыланды.

Мектепти курууну ушул жылдын декабрь айынын орто ченинде ишке ашыруу пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий