• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун Сары-Булак айылы таза суу менен камсыз болот

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Ош облусунун Сары-Булак айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Курулуш иштери менен Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимов таанышты.

Сары-Булак айылындагы ичүүчү таза суу системасын куруу үчүн республикалык бюджеттен 18904,14 миң сом каралып, тендерден Оштогу "Мед-Нур" ишканасы утуп алган. Жумуш 98 пайызга аткарылды.

Мындан сырткары, райондун борборунда жаңыдан ачылып, иштеп жаткан таш кесүүчү ишкананын базасында суюк травертинди өндүрүү боюнча пландар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий