• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун спортчулары көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнирлерде 18 медалга ээ болушту

Аймак 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 22-июнда Ош Эл аралык аэропортунан көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнирдин жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Жеңүүчүлөрдү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, комитеттин кызматкерлери, спортчулардын ата-энелери, жакындары жана спорт сүйүүчүлөрү жылуу тосуп алышты.

Кылычбек Саркарбаев спортчуларды Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан куттуктап, белектерин тапшырды.

Көркөм гимнастика боюнча Эл аралык турнир Азербайджандын Баку шаарында өтүп, ага 12 мамлекеттен 400гө жакын спортчу катышкан. Мелдешке Ош шаарынан 16 спортчу катышып, 2 алтын, 4 күмүш, 2 коло медалга ээ болушту.

Ошондой эле, спортчулар Казакстандын Алматы шаарында өткөн “Достук” турнирине катышып, анда 8 алтын, 2 күмүш медалын багындырышкан.

Пикир

Оставить комментарий