• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кара-Суунун Таш-Арык айылын таза суу менен камсыздоо аракеттери көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.04.22./Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Таш-Арык айылында ичүүчү суу менен жабдуу системаларын куруу жана реабилитациялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куруу жана реабилитациялоо иштеринин сметалык баасы 13 млн 599 миң 529 сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө аталган объект боюнча 7658 метр түтүк өткөрүлүп, диаметри 1,5 метр темир-бетон шакектерин монтаждоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле сыйымдуулугу 150 куб метр болгон резервуардын курулушу жана диаметри 150 мм ПВХ түтүгүн салуу менен суу сактагыч үчүн траншеялардын топурагын иштетүү жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий