• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун тургуну чет өлкөдөн келген кайын эжеси менен байланышта болгондон кийин каза болду - штаб

COVID - 19 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Айрым карантиндик аймакта жашаган тургундар аларды кармоону негизсиз деп эсептеп, видео кайрылуу жасашкан. Коронавируска каршы Республикалык штаб элдин кайрылууларын эске алып, алар өзүнүн айлана-чөйрөсүндөгүлөргө кандай коркунуч алып келерин далилдеген бир мисал келтирди.

Штабдан кабарлашкандай, коронавирустан каза тапкандардын бири – Ош шаарынын тургуну оорулуу менен байланышта болгон. Анын жубайы эжеси менен чет өлкөдөн кайтып келген. Эжеси (маркумдун кайын эжесинен) коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган.

"Бирок эжеси өзүн жакшы сезип, анда оорунун белгилери да болгон эмес. Ал эми эркек киши байланыштан кийин илдетке чалдыгып, көз жумган. Үй-бүлөнүн бир нече мүчөлөрүнөн дагы коронавирус табылды", - деп айтылат штабдын маалыматында.

Белгилей кетсек, 6-апрелге карата Кыргызстанда дагы 69 адамда коронавирус аныкталып, жалпы ооругандардын саны 216га жетти. Алардын ичинен 23 адам оорудан айыккан. Ал эми коронавирус жуктуруп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий