• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун туристтик операторлору Ташкенттеги эл аралык жарманкеге катышууда

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Ош шаарындагы туристтик операторлор Ташкент эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине катышууда.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарында туризм тармагында иш жүргүзгөн “Улуу Жибек жолунун туроператорлор” ассоциациясынын төрагасы Эрнис Алайчиев, “Мундуз Турист” компаниясынын башкы директору Умардин Ёсиддинов жана бир катар туристтик бизнестин өкүлдөрү 2022-жылдын 30-ноябрь – 2-декабрь күндөрү Ташкент эл аралык туристтик жарманкесине катышууда.

Туристтик жарманкенин алкагында Ош шаарынын туристтик дараметин даңазалап, 20дан ашык жаңы өнөктөштөр менен келишимдерди түзүүгө жетишилди. Ошондой эле Ош шаарындагы “Даяр” фирмасы даярдаган улуттук тамак-аш, азыктар көргөзмөсү уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий