• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Оштун вице-мэри ири түрк компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

Аймак 0

Ош, 18.01.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында кечээ биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев КРнын Түркиядагы элчиси Мустафа Курт төрагалык кылган ири түрк компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу экономикалык кызматташууну талкуулашкан.

Турдуев конокторду жылуу тосуп алып, Ош шаарында биргелешкен мекемелерди ачуу жана экономикалык жактан кызматташуу боюнча баардык сунуштарды карап чыгууга даяр экендигин билдирген.

Түрк ишкерлери Ош шаарында инвестициялык жагдайды жакшыртуу жана жаңы мекемелерди ачуу боюнча алдыдагы максаттары тууралуу айтып беришкен.

Элчи Мустафа Курт белгилегендей, Ош шаарынын инвестициялык потенциалы чоң.

Ош шаарында бүгүнкү күндө көп түрк компаниялары иш алып барат. Алардын көпчүлүгү курулуш жана жеңил өндүрүш тармагында иштейт.

Пикир

Оставить комментарий