• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун вице-мэри санитардык нормалардын жана эрежелердин сакталышын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын вице-мэри Эмилбек Шадыханов МАБдын жетекчилери жана СЭС адистеринен турган комиссиянын мүчөлөрү менен Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына барып, санитардык режимди катуу сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө комиссия Керме-Тоо МАБнын кичи базарларында болуп, ал жерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузгандарга тиешелүү актылар түзүлдү.

Иш-чаранын алкагында тамактануучу жайлардын, тейлөө жайларынын санитардык абалына, соодагерлерге жана сатып алуучуларга түшүндүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Э.Шадыханов Ош шаарындагы №4 жана №5 үй-бүлөлүк медицина борборунда болуп, медициналык мекеменин инфраструктурасы, медициналык кызматкерлердин иши жана ҮМБнын медициналык-техникалык жабдуулары менен таанышып, медицина кызматкерлеринин суроо-талаптарын жана сунуштарын укту.

Пикир

Оставить комментарий