• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Оштун вице-мэри Турдуев эртеңден тарта ишке кире турган тармактар туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Республикалык штабдын 21-майдан тарта ишке кире турган тармактар туурасында чечими чыккан. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, аталган чечимге Ош шаарынан дагы сунуштар киргизилген.

Турдуев 21-майдан баштап төмөнкү тармактар ишке кирерин айтат:

Калкты тейлөө борборлору; Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору:

- бут кийим, саат оӊдоо ж.б.;

- эмерек чогултуу жана оӊдоо.

-Соода борборлору;

-Автоунаа базарлары;

-Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү.

-Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү – коомдук мончолорду, сауналарды кошпогондо.

-Мейманканалардын ишмердүүлүгү (мейманканалардын алдындагы бассейндерди жана машыктыруучу залдарды кошпогондо).

Ал эми 25-майдан тарта:

-Коомдук унаалар;

-Буюм-тайым саткан базар, дүкөндөр;

-Коомдук тамактануу жайлар: кардардын саны 50дөн ашпашы керек жана аралыктар 1,5 - 2 мерт болушу шарт.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий