• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Оштун Жаңы-Алай айылындагы мектептин курулушу бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Ош облусунун Алай районунун Жаңы-Алай айылындагы № 42 Самат Ашимов атындагы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2015-жылы башталган.

Жаңы мектеп эки окуу корпусунан, спортук залдан жана өтмө галереядан турат. Объекттин жалпы аянты 1629,8 чарчы метрди түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучу орунга эсептелген. Долбоор боюнча дагы жыйындар залы жана ашкана каралган.

Бүгүнкү күндө мектеп толугу менен бүткөрүлүп, окуу процессин баштоого даяр.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 45 млн 402 миң 456 сомду түзөт. Быйылкы жылы, бүткөрүү үчүн 13 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий