• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Оштун Жапалак аймагында дагы бир бала бакчанын курулушу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 14.12.17. /Кабар/. Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында дагы бир бала бакчанын курулушу пландалууда. Бул тууралуу кечээ, 13-декабрда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагына болгон жумуш сапарында билдирди.

Жумуш сапарынын негизинде шаар жетекчиси, жаңыдан пайдаланууга берилген №45 М.Мырзаев атындагы орто мектебинин эски имараты менен таанышты.

А.Кадырбаев өсүп келе жаткан жаш жеткинчектер билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчаларды куруу замандын талабы экендигин билдирди.

“Шаарда бала бакчанын жетишпестигин шаардыктар жакшы билет. Учурда Ош шаарында 41 бала бакча бар. Анда 14 500гө жакын жаш балдар тарбияланат. Мындан сырткары, 25 жеке менчик бала бакчада 1200дөн ашуун бөбөк билим алат. Шаарды өнүктүрүүнүн негизи багыттарынын бири- жаңы бала бакчаларды, мектептерди куруу болуп эсептелет. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында жакында эле 275 орундуу жаңы мектеп куруп, пайдаланууга берилди. Ушул мектептин эски имаратын толугу менен капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жаңы бала бакча курууну пландап жатабыз”,-деди А.Кадырбаев.

Шаар жетекчиси курулуш иштерине тийешелүү маселелер боюнча тийиштүү комиссияга тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий