• 84.8
  • 96.12
  • 1.11

Жакында Ош шаарында 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Ош шаарында ушул жылдын аягына чейин 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы 375 орундуу жаңы мектеп Жапалак аймактык башкармалыгындагы Орке айылында жайгашкан.

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мектептин курулуш иштери менен таанышып келди.

Белгилей кетсек, билим берүү мекемеси Сауд Аравиянын өнүктүрүү фонду тарабынан курулган, ага 987,5 миң доллар каражат жумшалган.

Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардын бюджетинин эсебинен мектепке Ч.Түлөбердиевдин эстелиги тургузулуп, учурда имараттын айланасын асфальттоо иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий