• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Оштун жолдоруна 16 тонна туз жана 4 тонна кум чачылды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.17. /Кабар/. “Ош-Тазалык” ишканасы тарабынан күндүн биринчи жарымында шаар көчөлөрүнө 16 тонна туз жана 4 тонна кум чачылган. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал үчүн атайын 4 техника жана ишкананын 15 жумушчусу тартылган.

““Ош-Тазалык” ишканасына жолдорду кардан тазалоо үчүн Ак-Буура дарыясынын оң жээги тагыраагы, Масалиев, Шакиров, Салиева, Турсунбаева, Райимбеков, Монуев, Тилеке баатыр көчөлөрү жана Амир-Темур аймагынын негизги жолдору бөлүнгөн. Андан сырткары, аппарат кызматкерлеринен да нөөмөтчү топ түзүлүп, жумушчулар менен бирге жолдорду кардан арылтуу иштерин жүргүзүшөт”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий