• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оштун көчөлөрү көрктү бузган жарнактардан тазаланууда – фото

Аймак 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Ош шаарынын Туран кичи районунда сырткы жарнактарды жайылтуу тартибине жана мамлекеттик тил талаптарына дал келбеген көрнөк-жарнактар алынып салынды.

Буга чейин шаар мэри Таалайбек Сарыбашов Турандын көчөлөрүн кыдырып, тазалык, көрктү бузган жарнактарды алууну жана жолго чыгып кеткен курулуштарды алып салуу тапшырмасын берген.

Ош шаарынын мэриясы сырткы жарнактарда мамлекеттик тил талаптарын жана жайгаштыруу тартибин сактоону суранат.

Сырткы жасалгалоодо баннердик жана башка тез бузулуучу материалдарды колдонуудан баш тартууну сунуштайбыз. Анткени ал сырткы жарнактардын өңү бат өчүп, жараксыз абалга келет.

Пикир

Оставить комментарий