• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Оскар-2019: "Жашыл китеп" мыкты тасма аталды

Дүйнө 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктоо салтанаты өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Питер Фареллинин "Жашыл китеп" (Green Book)​ аттуу картинасы "Жылдын эң мыкты тасмасы" деп аталды. Сыйлык тапшыруу салтанаты “Долби” театрында өтүүдө.

Аталган тасма "Фаворитка", "Жылдыздын төрөлүшү", "Кара кабылан", "Бийлик" жана "Рома" тасмаларын артта калтырган.

"Рома" тасмасын тарткан мексикалык кинематографист Альфонсо Куарон мыкты режиссер деп табылды. "Богемия рапсодиясы" тасмасында ойногон ролу үчүн актёр Рами Малек мыкты аталды. Ал эми Оливия Колман "Фаворитка" тасмасында ойногон мыкты ролу үчүн "Оскар" сыйлыгына татыды.

Кино тармагындагы эң абройлуу делген “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген.

Пикир

Оставить комментарий