• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Оскарга" талапкерлер аныкталды: лидерлердин катарында "Богем рапсодиясы", "Жашыл китеп"

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.19 /Кабар/. Американын киноакадемиясы "Оскар" сыйлыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул дүйнөнүн кинотармагындагы эң кадыр-барктуу сыйлык болуп эсептелинет.

Жалпысынан 24 номинация аталган. Жеңүүчүнү аныктоочу добуш берүү 12-19-февралда өтөт.

Сыйлыкты тапшыруунун 91-айлампасынын салтанаттуу аземи быйыл 24-февралда Лос-Анжелестеги Dolby Theatre өтөт.

"Жылдын эң мыкты кинотасмасы" номинациясы:

  • "Кара пантера" (Black Panther), режиссер Райан Куглер
  • "Кара клан адамы" (BlacKkKlansman), режиссер Спайк Ли
  • "Богем рапсодиясы" (Bohemian Rhapsody), режиссер Брайан Сингер
  • "Фаворитка" (The Favourite), режиссер Йоргос Лантимос
  • "Жашыл китеп" (Green Book), режиссер Питер Фаррелли
  • "Рома" (Roma), режиссер Альфонсо Куарон
  • "Жылдыздын төрөлүшү" (A Star Is Born), режиссер Брэдли Купер
  • "Бийлик" (Vice), режиссер Адам Маккей

Ошондой эле, "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында – "Рома" (Мексика), "Кансыз согуш" (Польша), "Дүкөн тоногучтар" (Жапония), "Капернаум" (Ливан), "Автору жок эмгек" (Германия).

Пикир

Оставить комментарий