• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Осмоналиев: Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган медицина жана милиция кызматкерлери катталган жок

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган медицина жана милиция кызматкерлери катталган жок. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында жеке коргонуучу каражаттар жетиштүү.

"Ысык-Көл облусунда дарыгерлер билимдүүлүгүн, тажрыйбасын, кылдаттыгын көрсөткөндүктөн бир дагы медицина кызматкери же милиция кызматкери коронавирус жуктуруп алган жок. Учурдан пайдаланып облуста эмгектенип жаткан медицина жана милиция кызматкерлерине облустун жетекчилигинин атынан ыраазычылыгымды билдирем", - деди Осмоналиев.

Ал белгилегендей, илдет башталган учурдан бери облуста жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 13 млн сом сарпталган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-майга карата коронавирус жуктурган 78 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216ны түзөт. Алардын ичинен 827 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий