• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Осмоналиев: Ысык-Көлдө жарандар айыл чарба азыктарын санитардык нормаларды сактоо менен сата алат

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусунда жарандар айыл чарба азыктарын санитардык нормаларды сактоо менен сата алат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, негизги маселе жарандардын жемиштерди сатууда санитардык талаптарды сактоосунда жатат.

“Айыл чарба продукцияларын ташуу, сатууда бир дагы маселе жаралбашы керек. Бул боюнча өлкөдө апрель, май айларында абал кыйын болуп турганда да токтогон эмес”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий