• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Осмонбек Артыкбаев: инспекциянын алдында маанилүү жана масштабдуу тапшырмалар турат

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. 2017-жылдын 22-февралында Бишкек шаарында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармонияда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына арналган мааракелик салтанаты өттү. Cалтанатка КР Жогорку Кеңешинин депутаты Осмонбек Артыкбаев аталган инспекциянын түптөөчүсү жана негиздөөчүсү катары катышып, өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.

Өз сөзүндө депутат Артыкбаев Осмонбек «Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 2012-жылы түзүлгөндүгү Кыргызстанда эле эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттик башкаруу системасын реформалоодогу эң чоң жетишкендик», деп белгиледи. «Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилигинин колдоосунун натыйжасында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн реформалоонун жана оптималдаштуруунун алкагында ар түрдүү текшерүүчү жана көзөмөлдөөчү органдардын функцияларын бир уюмга топтоого мүмкүнчүлүк болду. Бул Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын негизинен 60тан ашык көзөмөл жана текшерүү багытындагы функцияларды бириктирип мамлекеттин саясатын жүргүзүп жана көзөмөлдөп иш аткаруудагы карамакаршылыктардын, кызыкчылыктардын негизин функциялык түрдө эң чоң реформа деп аныктады. Мындай система постсоветтик өлкөлөрдө алгачкылардын болгон, эң ийгиликтүү реформа катары эсептесек болот. Негизинен бул система батыш өлкөлөрүндөгү сыяктуу, эффективдүү иштеп жаткан коопсуздукту камсыздоодогу системасынын жакшы тажрыйбаларынын негизинде түзүлгөн. Бул жерде Мамэкотехинспекциянын түзүлүшүнүн негизги максаты – булл жалаң эле текшерип, жазалап, штраф салу эмес, негизги максаты – жалпы коопсуздукту: экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу менен мамлекеттин жалпы өнүгүшүнө жетишүү. Реформанын маңызын курчап турган айлана-чөйрөнү көздүн карегиндей сактоо, коомдун кызыкчылыктарын мыйзамдардын негизинде коргоо жана ишкерлүүлүккө жолтоо келтирбөө. Бул иш-аракетти кызматташуунун негизинде жүргүзүү милдети жүктөлүп отурат. Мурда ар бир багыт боюнча каалаган убакта каалаган санда баардык текшерүүчү органдар өз алдынча барып текшерип турса, азыркы убакта текшерүү тобокелчиликтердин негизинде жүрөт. Текшерүү ишкана же текшерүү багыттар иштөө ишине жараша жылына бир жолу, 3 жылда бир жолу, же 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт, бирок текшергенди графиктин негизинде алдын ала кабар берип анан бару тартибинде жүргүзүшөт. Ошол ишканалар текшерүүчү органдардын графигинин негизинде келээрин билип атайын даярданып, баардык ишмердигин стандартка, тартипке келтирип, ошонун аркасынан жалпы ишкерликтин же кызматтын сапаты стандартка тура келип, коопсуздукту камсыздайт. Ал эми кээ бир ишканаларды же мыйзам бузуулар же коопсуздуктун тартиптеринин бузулушу жөнүндө кабар түшсө, анда Мамэкотехинспекция плансыз түрдө барып текшерүүгө укугу бар. Ошондо да текшерүүчү орган бараардын алдында сөзсүз түрдө КР Экономика министрлигинин атайын уруксатынын негизинде гана текшерсе болот. Негизинен бул реформа жалпы ишкерликтерди тынбай текшерүүлөрдөн арылтат, коопсуздук булл жерде бардык кызыктар тараптар (ишкерлик, коомчулук, мамлекеттик орган) бирдикте иштегенинин негизинде камсыз болот. Мурунку убакта 10дон ашык мамлекеттик органдар каалаган убакта текшерсе, текшерүүлөрдүн саны жылына 100 миңге жакын болсо, бүгүнкү күндө жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында ишканаларды текшерүүлөрдүн саны жылына 15 миңге чейин кыскарды. Канчалык мамлекеттик контролдоо органдарынын инспекторлорунун саны көп болбосун, алар саны менен коопсуздукту камсыздай алышпайт, ошондуктан реформанын негизги максаты жалпы коомчулук менен бирге кызматташып, анын катышуусунун негизинде коопсуздукту камсыз кылуу. Ошону менен бирге эле белгилей кетчү нерсе, Мамтехинспекциясынын алдында абдан маанилүү чечүүнү талап кылган масштабдуу тапшырмалар турат», - деп айтты Осмонбек Артыкбаев.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы 2012-жылы түзүлүп, аталган инспекциясынын түзүлүшүнүн жана түптөлүшүнүн башында Артыкбаев Осмонбек турган. Бул инспекцияга 10дон ашык мурунку текшерүүчү органдардын функциялары берилип, тиешелүү 30дан ашуун укуктук ченемдик актылар иштелип чыгып, кабыл алынды. Бул мезгил аралыгында инспекциянын 7 борбордук жана 17 аймактык башкармалыктары түзүлдү. Алар керектүү имараттар жана тийиштүү ресурстар менен камсыз болушту. Өтө кыска мөөнөттүн аралыгында күчтүү мамлекеттик коопсуздугун камсыздаган мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциясы түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий