• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Осмонбетов: Иш сапар кыргыз-орус мамилелеринин алкагында топтолгон  маселелерди чечүү үчүн керек болчу

Коом 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-майда Сочи шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жүрүшүндө кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы алдыдагы багыттары, акыркы жолугушууда жетишилген келишимдерди ишке ашыруу, ошондой эле интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара аракеттердин алгылыктуу пландары талкууланды.

Андан тышкары аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту колдоо маселеси каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы Эдил Осмонбетов “Кабар” агенттигине берген маегинде алгач Борбор Азиядагы геосаясий кырдаал апрелдин аягынан бери жаңы геосаясаттын жана динамиканын айынан өтө оор болуп жаткандыгына көңүл бурду. “Бул АКШ, Россия жана Кытайдын ортосундагы карама-каршылыктардын фонунда жүрүп жатат, жана Борбор Азия кандайдыр бир деңгээлде карама-каршы туруу же геосаясий атаандаштык аймагына айланууда. Негизги максат акыркы 30 жылдагыдай эле Борбор Азия аймагы туруктуулуктун, аймактык коопсуздуктун зонасы бойдон калуусу керек жана бул Афганистандагы абалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк берет”,-деди эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча эксперт.

Э.Осмонбетов Садыр Жапаровдун В.Путин менен жолугушуусу өткөн Сочиге иш сапары тууралуу айтып жатып, бул иш сапар керек болчу деп белгиледи. “Биздин жетекчилик билдиргендей – Россия башкы стратегиялык өнөктөш болуп саналат, биз ЕАЭБ, ЖККУга мүчөбүз жана бул иш сапар кыргыз-орус мамилелеринин алкагында топтолгон маселелерди чечүү үчүн аткарылган биринчи сапар болду”,-деди эксперт.

Кыргыз кеңеши башкармалыгынын төрагасы иш сапардын жүрүшүндө аймактагы көйгөйлөргө дагы токтолушканын кошумчалады. “Көптөгөн көйгөйлөр чечилет, ЕАЭБдин алкагында убада кылынган каражаттар бөлүнүп, эки тараптуу мамилелердин башка маселелери дагы чечилет деп ишенебиз. Эң башкысы чек арадагы көйгөйлөрдү жоюу маселеси чечилет”,-деп сөзүн жыйынтыктады ал.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий