• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Осмонбетов: Маалымат жыйыны жандуу өттү

Коом 0

Бишкек, 25.12.19 /Кабар/. Бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун жыл аягындагы маалымат жыйыны өттү. Президент жыл жыйынтыгын чыгарып, ММК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди. Жээнбеков президенттик мөөнөтүндө экинчи маалымат жыйынын берди.

Саясий серепчи, Эл аралык мамилелер боюнча кыргыз кеңешинин башчысы Эдил Осмонбетов ал маалымат жыйыны боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, маалымат жыйыны жандуу өттү.

"Жергиликтүү жана чет элдик журналисттер коомдук-саясий, тышкы саясат темаларына байланыштуу көптөгөн суроолорго жооп алгысы келгени көрүнүп турду", - дейт ал.

Ал белгилегендей, президент суроолорго ачык жооп берди.

"Президент мыйзам чегинде иш алып барарын айтты. Ошондой эле тышкы саясат тууралуу сөз кылды. Анын айтымында, коңшу мамлекеттер менен болгон мамиледе геосаясий баланс жетишилип, Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарын өлкө ичинде жана эл аралык аренада да коргойт. Президент коррупция менен күрөш улантыларын жана күрөш жүрүп жатканын белгиледи. Ошондой эле ал өлкөнүн бир жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу айтып өттү", - деди ал.

Осмонбетов белгилегендей, маалымат жыйынында ар кыл көз караштагы журналисттер болду.

Пикир

Оставить комментарий