• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Осмонбетов: Президенттин кайрылуусу коом үчүн жакшы билдирүү болду

Коом 0

Бүгүн, 11-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин жыйынында сөз сүйлөдү. Буга чейин ал, Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр 27-июнда чыгып сүйлөгөн. Өз сөзүндө президент Кыргызстандын өнүгүшү, алдыга коюлган максаттар жана алардын аткарылышы боюнча көп маселелерди айтып өттү.

Эл аралык мамилелер жана коопсуздук боюнча Кыргыз кеңешинин мүчөсү Эдил Осмонбетов "Кабар" агенттигине берген маегинде президенттин Жогорку Кеңештеги сөзү боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, дээрлик 50 мүнөткө созулган президенттин сөзү өлкөдөгү абал, 2018-жылы коюлган максаттар тууралуу болду. Аны менен катар, мамлекет башчы аймактык, глобалдык контекст боюнча сөз кылды.

"Президент өлкө ичинде эмне болуп, кандай реформалар жүргүзүлүп жатканын, жыл аягына чейин кандай максаттар ишке ашарын түшүндүрдү. С. Жээнбеков тышкы саясий факторлор, аймакта жана глобалдык чөйрөдө эмне болуп жатканы жөнүндө жана алар да Кыргызстанга таасир этерин айтып өттү", - дейт саясат тануучу.

Аны менен бирге, ал президенттин сөзүндөгү бир маанилүү учурга токтолду.

"С. Жээнбеков өлкөдө эң башкысы саясий туруктуулук экенин, эч ким бирөө-жарым менен ультиматум тилинде сүйлөшпөй турганын белгиледи. Коррупция менен күрөшүү улантыларын жана баары мыйзам чегинде болорун, президент, парламент жана өлкөнүн баардык жарандары үчүн башкысы мыйзам экенин айтты. Башкача айтканда, мыйзамды сактоо жана анын үстөмдүгү айтылды", - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, мамлекет башчы, учурда болгон кыйынчылыктар жана кайсы багыттар күчөтүлүшү керектигин тууралуу сөз кылып, ал иштер жасалары, эмнеге өлкө бул багытта иштеши керектигин айтып берди.

Анын пикири боюнча, президент башка саясий топтор менен күчтөргө өлкөдөгү саясий абалды туруксуздаштырууга жол бербей турганын билдирди.

"Ал өлкөдөгү реформаларга, айрыкча коррупция менен күрөшкө каршылык кылган саясий топтор бар экенин жана ал мамлекет башчы катары саясий туруктуулукту сактай тургандыгын айтты", - деп белгилейт саясат таануучу.

Эдил Осмонбетов билдиргендей, президент, өлкөдөгү саясий туруктуулук баардык өлкөлөр үчүн маанилүү экенин белгилеп өттү.

"Себеби, учурда биз көрүп тургандай, дүйнөдөгү жана биздин аймактагы тышкы саясий абал кыйын болууда. Ага жараша, президент билдиргендей, өлкөдөгү саясий абал сакталат жана алдыга коюлган реформалар улантылат. Кыйынчылыктар бар, бирок биз алардан өтөбүз", - дейт ал.

Мындан улам, Осмонбетов, бул туура чечим болгон деп эсептейт. Анткени, акыркы кездери көп адамдар өкмөт менен башка бийлик органдарын сындап жатышкан.

"Башкача айтканда, бүгүн экономикалык багыт, так түшүнүк бар экени, эгер коррупция менен күрөш улантылса, баары ишке ашары так айтылды. Эң башкысы - учурда коюлган максаттар аткарылышы керек", - дейт Осмонбетов.

Анын пикири боюнча, бул кайрылуу коом үчүн жакшы билдирүү болду.

"Тактап айтканда, президент саясий туруктуулук сакталып турса биз экономикалык маселелер боюнча иштей турганыбызды белгиледи. Бул өтө маанилүү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий