• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Осмонова: “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова билдирди.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2020-жылдын 14-майынан тарта коомдук талкууга чыгарылган.

Депутаттын айтымында, социалдык тармактардын өнүгүшү менен жалган маалыматтарды таратуу маселеси пайда болуп, ал мыйзам менен жөнгө салууну талап кылат.

“Мыйзам долбоорун жазардын алдында мониторинг жүргүзүп, башка мамлекеттердеги кесиптештер менен сүйлөштүк. Анын жыйынтыгында интернетке жалган маалымат жайылткандан тышкары, фейк аккаунттар социалдык тармактар аркылуу баңгизат таратары, ар кандай террористтик уюмдарга таратары белгилүү болду”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий